Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АДАМ УКУКТАРЫ – адамдын мамлекетке карата укуктук статусун, анын экономикалык, социалдык, саясий, маданий чөйрөлөрдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жана каалоо-талаптарын мүнөздөөчү түшүнүк. «А. у.» түшүнүгү буржуазиялык революциялар доорунда эле пайда болгон. Азыркы дүйнөдөгү басымдуу пикирлер боюнча А. у. табигый жана кайра алынбас мүнөзгө ээ. А. у-нын эркин жана натыйжалуу жүзөгө ашырылышы – жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги белгилеринин бири. Жалпыга таанылган бөлүнүшкө ылайык А. у. жеке (эларалык аталгы таанууда – жарандык укуктар), саясий, социалдык, экономикалык, маданий, экологиялык укуктар болуп айырмаланат. А. у. бир катар негиздүү эларалык документтер (1948-жылкы Адам укуктарынын жалпы декларациясы, 1966-жылкы Адам укуктары жөнүндө эларалык пакт ж.б.), ошондой эле мамлекеттердин конституциялары жана мыйзамдары менен бекемделген. Азыркы учурда эларалык укукта А. у-на арналган тармак – эларалык гуманитардык укук калыптанды.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИТЕТ – жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү 1966-жылкы Эларалык пакттын IV бөлүгүнө ылайык, катышуучумамлекеттердин Пакттын жоболорун ишке ашыруусун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн келишимдик орган. 1976-ж. 20-сентябрда катышуучу-мамлекеттердин кеңешмесинде түзүлгөн. А. у. б. к. Пактка катышуучу-мамлекеттердин жарандарынан куралган өз аттарынан чыгуучу 18 мүчөдөн турат. Мүчөлөрдүн ыйгарым укуктары – 4 жыл. Өздөрүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн алар өздөрүнүн иш жүргүзүү жолжоболорун аныкташат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ – адам укугу боюнча биринчи ийкемдүү эларалык акт. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Преамбуладан жана 30-статьядан турат. Аларда адамдын негизги жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктары менен эркиндиктери жарыяланган. А. у. ж. д. эларалык келишим болуп эсептелбегендигине карабастан, эларалык каадалардан улам милдеттүү күчкө ээ болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕПИЛДИКТЕРИ – заманбап демократиялык мамлекеттерде конституция менен аныкталган: а) адамдын негизги материалдык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо каражаты катары кызмат кылуучу процесстик укуктар; б) укук коргоо институттары жана алардын иштеринин негизги принциптери; в) адам укуктарын жана эркиндиктерин мүмкүн болгон чектөөнүн чектерин жана шарттарын аныктоочу өзгөчө эрежелер.